Биз бул ирет дагы бир кызыктуу каармандын жумушун көрсөтөлү дедик. Бул жолку каарманыбыз — сулуу, назик, 4 баланын апасы Наргиза Төлөбаева. Ал каардуу, сүрдүү, көпчүлүк учурда мырзаларга мүнөздүү болгон “Мерседес Гелендваген” үлгүсүндөгү унааны чимирилте айдап, алтургай анын жардамы менен акча таап, балдарын багат. “Балдарым “апабыз Гелик айдайт деп сыймыктанышат” деген анын маегин видеодон көрүңүз.
Ден соолук кадырын ооруган жан билет… Ооруп жүрүп кайрымдуулук фонд ачкан ишкер
Бул жолу "Боордошум" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Канымбү Карабаева менен маектештик. "Бул фондду ачканымдын себеби өзүм ооруп кыйналгандыктан башкалар да мендей...