Үстүбүздөгү жылдын 8-январь күнү SUPERTV телеканалынына кыштын суук күндөрүндө 6 айлык эгиз кыздарын коляскага сүйрөп, аларды жаандан калкалап, колуна полиэтилен баштыгын кармап алып базарда кайыр сураган эненин видеосу чыккан. Видео жарык көргөндөн 4 күн өткөн алып баруучу Назира Бердигулова каарманыбызды сулуулук салонуна, дүкөнгө алып барып, жасалгалап, таанылгыс кылып өзгөрткөн. Тилекке каршы, ошол кезде күлүп, жашоосунун жакшы жакка өзгөрүлө баштаганына кубанган Жазира Багаева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул кабарды бизге анын эжеси угузду. Биз Кемин районунун Орловка айылына барып, маркумдун жакындарына көңүл айтып, кабар алып келдик.
«Донор табылды, бирок акча жок болуп жатат» | 4 жаштагы Ариана сөөк чучугун алмаштырууга муктаж
Ариана Нурдинова 4 жашта, ал 4 айлык кезинен тарта такай дарыгерлердин көзөмөлүндө. Наристе сөөк чучугун алмаштырууга муктаж. Түркияда жасалуучу бул...