Республикалык эне жана баланы коргоо борборунда аллергия көйгөйү боюнча балдарын көрсөтүү үчүн кайрылган ата-энелердин кезек күтүүсү түнкү саат 12ден тарта ич ара кагаз түрүндө түзүлөт. Кыргызстандын ар кайсы облус, районунан келген балдарды 2 аллерголог текшерет. Кезектин көптүгүнөн 1 жумалап кайрыла албагандар да бар. Айрымдар жашоого жери болбогону үчүн мейманканаларда калууга туура келет. Эмне үчүн 2 аллерголог эле иштейт? Бул маселе кантип чечилиши керек? Ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Толугу менен видеодон көрө аласыздар.
Президентти үйүнө чакырган аял: “Унаасын оңдоткону келгендер “жасай аласызбы” деп таң калышат”
Бул жолку каарманыбыз – Назгүл Нааматбекова. Ал автоунаа оңдоп иштейт. Сиздер Нааматбекованы кечээ жакында президентке жолугуп, үйүнө чакырган видеодон улам...










