Бүгүн, 10-январда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров добуш берүүгө уулу менен келди. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, шайлоо таза эмес өтүп жаткандыгын жана акыркы сурамжылоолордо өзүнүн алдыда келе жаткандыгын белгиледи. Мындан тышкары ал: «Бул шайлоодо ушундай жапайычылык менен жеңип кетебиз дешсе, анда бул көпкө узабайт жана жакшылыкка алып барбайт», —деди.
Ал эми шайлоодон кийинки өлкөдөгү стабилдүүлүк тууралуу Мадумаров кайсы талапкердин шайлоодо жеңип чыгарына жараша болот деп айтты.
13 жылдан бери жууна элек кишиге жардам берген кыз
Интернет айдыңында Зайка деп таанылган Алтынай Султанбекова кайрымдуулукка багытталган контентти 3 жыл мурда баштаган. Блогер жан дүйнөсү менен жардамга муктаждарга...