Кечээ, 12-май күнү ырчы, аткаруучу, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Рустам Сагыналиев 40 жашында каза болду. Бул видеодо маркумдун кесиптештери Сагыналиевдин өмүрүнүн акыркы күндөрүн эскеришти. Сагыналиев 1984-жылы январь айында Талас облусунун Бакайыр айылында туулган. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин улуттук филармониянын Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» фольклордук тобунун мүчөсү болуп эмгектенип келген. SUPERTV телеканалы Рустам Сагыналиевдин каза болгондугуна байланыштуу жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Аман, Эсен, Болот: “Биздин атыбызды доктурлар коюшкан”
Жаңы 2025-жылыңыздар менен! Биздин бул жолку конокторубуз 3 эм жигиттер Аман, Эсен жана Болот. 19 жаштагы 3 эм аларга ысымды...