Назира Элдияр кызы Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштардын биринде 3 кызы менен вагондо күн кечирет. Ал бир убакта тирөөчү болгон апасынан, жолдошунан айрылып, бүгүнкү күндө элден жардам суроого аргасыз болуп турган чагы. Учурда жамгыр жааса шыбынан суу тамган, жашоого кооптуу темир вагондо кыздарынын балалык доору өтүүдө. Алардын келечегин курам деп жан үрөгөн каарманыбыз базардан коробка терип, сатып, кээде күнүмдүк иштерге жалданып иштеп, тыйын табарын айтат.
Оор илдетке чалдыккандарга кол сунган Жаныбек Жагообаев
Бул жолку каарманыбыз Кыргызстанда оор илдетке кабылган жарандарды Индияга барып дарыланышына жардам берген Жаныбек Жагообаев. Ал маекте мындай ортомчулук ишке...