Кара-Балта шаарынын тургундары Акназаровдордун үй-бүлөсүндө оор жоготуу орун алды. Бир үй-бүлөнү алга сүрөп, багып-коргоп келген уулун топ жигиттер ур-тепкиге алып, ал алган жаркатынан улам каза болгон. Үй-бүлө мүчөлөрү аны сабап кармалган шектүүлөр күч органдарынын мурунку кызматкерлеринин балдары экенин белгилеп, тергөөдө аларды сотко жеткирбей кое берүү аракетин көрүлүп жатканын айтышууда.
“Уурулар уул-келинимди арматура менен уруп, сейфти алып кетишти” | Кочкор районунун тургуну
Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөн-Алыш айылында 7-январга караган түнү белгисиз жарандар жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, бөлмөдө уктап жаткан жубайлардын башына...