Ишемби, 20.04.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 13.04.2022

Садыр Жапаров: “Мөөнөтүм бүткүчө чек ара маселесин чечем деген ниетим бар”

Садыр Жапаров: “Мөөнөтүм бүткүчө чек ара маселесин чечем деген ниетим бар”

Президент Садыр Жапаров соцтармак аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, чек ара көйгөйү 30 жылдан бери чечилбей келген маселе экенин айтып, кылдаттыкты жана кыраакылыкты талап кыларын билдирди. “Биз демократиялык жолдон тайбайбыз. Сөз эркиндиги, ...

Достук айылын минометтон аткылашты. Кыргыз бийлиги кандай реакция кылышы керек? Депутаттардын жообу #Собол_тайм

«Күйөө балама ыраазымын, аны өз баламдай көрөм» дейт ырчы Гүланданын апасы

"Бейишим– ата-энем” долбоорунун кезектеги коноктору ырчы Гүланда менен апасы Кына Абдысаламова болду. Алар эне менен кыздын ортосундагы мамиле, бири-бирине болгон байланыш, сезимдери тууралуу айтып беришти. Толугу менен видеодо.

Достук айылын минометтон аткылашты. Кыргыз бийлиги кандай реакция кылышы керек? Депутаттардын жообу #Собол_тайм

Достук айылын минометтон аткылашты. Кыргыз бийлиги кандай реакция кылышы керек? Депутаттардын жообу #Собол_тайм

Кечээ, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Жаңжалдын жүрүшүндө тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганын Чек ара кызматынан билдиришти. Бир аскер кызматкери, бир жай тургун ...

Чүйдө 6 гектар жер талашка түштү. Чындык ким тарапта?

Чүйдө 6 гектар жер талашка түштү. Чындык ким тарапта?

Чүй облусунун Узун-Кыр айылынын тургуну Сергей Сопрыкин акыйкаттык издегенин айтып, биздин редакцияга кайрылды. Ал өз маегинде ага таандык 6 гектер жерди ошол эле айылдын дагы бир тургуну мыйзамсыз тартып алууга ...

Абдикарим Алимбаев Арка айылынын тургундары менен жолукту (сүрөт)

Абдикарим Алимбаев Арка айылынын тургундары менен жолукту (сүрөт)

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Арка айылынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка караганда, жолугушууда президенттин өкүлү жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп ...

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу. Министрлик учурда 4 адам ооруканада жатканын билдирди

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу. Министрлик учурда 4 адам ооруканада жатканын билдирди

Саат 18:00гө карата Тажикстан менен чек арада миномёттун чабуулунан жана атышуудан жабыркаган дагы үч адам медициналык жардам алуу үчүн Жалпы дарыгерлер практика борборуна кайрылышкан. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ...

Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет

Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет

Кыргызстанда Кадыр түн качан болору маалым болду. Муфтияттан билдиришкендей, 2022-жылдагы Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет. Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түн.

ЖАҢЫЛЫКТАР. Түптө шал оорусуна чалдыккан 16 жаштагы кыздын зордукталышы. 70 жаштагы кошунасы шектүү

ЖАҢЫЛЫКТАР. Түптө шал оорусуна чалдыккан 16 жаштагы кыздын зордукталышы. 70 жаштагы кошунасы шектүү

• ӨКМ: Баткенде абал турукташып, 18 миңден ашуун эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтышууда • Чек арадагы атышуудан бир аскер кызматкери жана бир тургун жаракат алды (тактоо киргизилди) • Саат 11:00дө Лейлектин ...

Чек арадагы атышууда жаракат алган Тажик аскери көз жумганы маалымдалды

Чек арадагы атышууда жаракат алган Тажик аскери көз жумганы маалымдалды

Кечээ, 12-апрелдин түнүндө кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жаракат алган Тажик чек арачысы көз жумду. Бул тууралуу "Озоди" жазды. Маалыматка караганда, 27 жаштагы Зоир Саидумаровдун сөөгү бүгүн Дусти районунда жерге ...

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров БУУнун Бишкектеги имаратынын алдында жалгыз акция өткөрдү

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров БУУнун Бишкектеги имаратынын алдында жалгыз акция өткөрдү

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров БУУнун Бишкектеги имаратынын алдында жалгыз акция өткөрдү. Ал Тажикстандын Баткенге карата агрессиясына каршы экенин билдирди. "Бул маселеге качан чекит коюлат. Эмнеге жөнөкөй жарандар жабыркаш керек. Чек ...

Доллардын баасы кайрадан ылдыйлоодо

Доллардын баасы кайрадан ылдыйлоодо

Бүгүн, саат 16:30га карата Бишкекте жайгашкан акча алмаштыруучу жайлары менен коммерциялык банктарда доллардын баасы сатып алууда 84-85 сомго түшүп, сатуудагы баасы 85-86 сомдун тегерегин түзүп жатат. Рублдун баасы да сомго ...

Муфтият ажылык сапарга баруу үчүн тизмеге катталып, кезек күтүп тургандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Муфтият ажылык сапарга баруу үчүн тизмеге катталып, кезек күтүп тургандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер ажылык мезгилине убакыт тар болуп калгандыктан, алдын ала  COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти. ...

Чолпон-Ата мэриясынын кызматкерлери паркты көрктөндүрүүдө 720 миң сомду кымырып алышкан

Чолпон-Ата мэриясынын кызматкерлери паркты көрктөндүрүүдө 720 миң сомду кымырып алышкан

Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун дирекциясынан «Чолпон-Ата шаарындагы паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» долбооруна бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүдө Чолпон-Ата ...

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн дубалынын коңшу үйгө урашы. Камакка алынган 2 прораб үй камагына чыкты

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн дубалынын коңшу үйгө урашы. Камакка алынган 2 прораб үй камагына чыкты

27-мартта Бишкектин Жаш Гвардия бульварында жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кыштары жанында жайгашкан 2 кабаттуу үйдүн чатырына урап түшкөнү маалым болгон. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кечээ, 12-апрелде Ленин РИИБ ...

Чүйдүн тургуну милиция тарабынан сабалганын айтып чыкты. Милиция бул боюнча эмне дейт?

Чүйдүн тургуну милиция тарабынан сабалганын айтып чыкты. Милиция бул боюнча эмне дейт?

Кечээ, 12-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облусунун тургуну кайрылып, Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан сабалганын, анын кесепетинен ооруканага жаткырылганын билдирген. "Биз Аламүдүн РИИБдин башчысы менен сүйлөшкөнү барганбыз. Барган топтон мени ...

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү. Күрөө тамырын кескен шектүү убактылуу кармоочу жайга которулду

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү. Күрөө тамырын кескен шектүү убактылуу кармоочу жайга которулду

Буга чейин жактоочу кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган блогер Батмакан Жолболдуева күрөө тамырын кескенин билдирген. Блогер тергөө изоляторунун башчысы жана башка кызматкерлери тарабынан коркутууга жана кысым көрсөтүүгө кабылганына арызданганы айтылган. Окуя боюнча ...

«Бактылуумун». 16 жашынан тарта «сакалдуу айым» лакап аты менен жашап келген — Харнам Каур

«Бактылуумун». 16 жашынан тарта «сакалдуу айым» лакап аты менен жашап келген — Харнам Каур

Харнам Каур 1990-жылы Улуу Британияда туулган. Ал 16 жашынан тарта "сакалдуу айым" лакап аты менен жашап келет. Ага 12 жашында энелик бездин поликистоз синдрому деген диагноз коюлган. Бул ооруда денесинин ...

Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча Алимбаев менен Ахмадзоданын жолугушуусу башталды

Лейлекте Кыргыз жана Тажик делегацияларынын жолугушуусу аяктады

Бүгүн, 13-апрелде саат 11:00дө башталган Лейлектин Селкана жерлигинде эки өлкөнүн делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусу аяктады. Анда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча ...

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 36 жаштагы киши табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 36 жаштагы киши табылды

Милиция кызматкерлери буга чейин дайынсыз болуп жаткан жаранды тапты. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 13-апрелде саат 11:00 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан буга чейин дайынсыз болуп жаткан жаран аман-эсен ...

Абдыбахаб Боронбаев ант берип, депутаттык ишмердүүлүгүнө киришти

Абдыбахаб Боронбаев ант берип, депутаттык ишмердүүлүгүнө киришти

Бүгүн, 13-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген Боронбаев Абдыбахаб Жолдошович ант берди. Жаңы депутат Абдыбахаб Боронбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Бакыт ...

Чек арадагы атышуудан бир аскер кызматкери жана бир тургун жаракат алды (тактоо киргизилди)

Чек арадагы атышуудан бир аскер кызматкери жана бир тургун жаракат алды (тактоо киргизилди)

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан эки киши жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирип, жабырлануучулар жөнүндө буга чейинки маалыматка тактоо киргизди. Маалыматка ылайык, Лейлектеги ооруканага октун чачырандысынан жаракат алып, бир ...

ӨКМ: Баткенде абал турукташып, 18 миңден ашуун эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтышууда

ӨКМ: Баткенде абал турукташып, 18 миңден ашуун эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтышууда

Бүгүн, 13-апрель саат 12:00гө карата Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташа баштагандыктан, айыл тургундары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышууда. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. Жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча эвакуацияланган 17 миң ...

Казакстанда Жеңиш күнү аскердик парад болбойт

Казакстанда Жеңиш күнү аскердик парад болбойт

Казакстанда Жеңиш күнү аскердик парад болбойт. Бул тууралуу Коргоо министрлигине таянуу менен аталган өлкөнүн басылмалары жазышты. "2022-жылы Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 30 жыл толгонуна жана 1941-1945-жылдардагы Ата мекендик согуштун Жеңиш ...

Нарында Куланак ГЭСин куруу долбоору ишке ашырыла баштады

Нарында Куланак ГЭСин куруу долбоору ишке ашырыла баштады

«Нарын» өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомуна өздүк каражаттарынын эсебинен Нарын дарыясында «Кубаттуулугу 100 МВт белгиленген «Куланак» ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо» долбоорун ишке ашыруу укугу берилди. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы ...

Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө видеорегистратор менен жабдууну тапшырды

Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө видеорегистратор менен жабдууну тапшырды

Бүгүн, 13-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбековго республиканын аймагында катталган автоунааларды милдеттүү түрдө видеорегистраторлор менен жабдуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап чыгууну тапшырды. Унааларды видеорегистраторлор менен жабдуу жол ...

Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча Алимбаев менен Ахмадзоданын жолугушуусу башталды

Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча Алимбаев менен Ахмадзоданын жолугушуусу башталды

Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча Алимбаев менен Ахмадзоданын жолугушуусу башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Бүгүн, 13-апрелге караган түнү саат 03:00дөн 03:55ке чейин “Кулунду-авто жол” (Кыргызстан) жана ...

Саат 11:00дө Лейлектин Селкана жерлигинде эки өлкөнүн делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусу өтөт

Саат 11:00дө Лейлектин Селкана жерлигинде эки өлкөнүн делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусу өтөт

Саат 11:00дө Лейлектин Селкана жерлигинде эки өлкөнүн делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Бүгүн, 13-апрелде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу. Түн тынч өттү, ...

Чек арадагы атышуудан улам ӨКМ 600дөй тургунду эвакуациялады

Чек арадагы атышуудан улам ӨКМ 600дөй тургунду эвакуациялады

Лейлек районунда 12-апрель күнү саат 19:20 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде катталган кырдаалга байланыштуу жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. Баткен облусу боюнча ...

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган блогер күрөө тамырын кести

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган блогер күрөө тамырын кести

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган блогер Батмакан Жолболдуева күрөө тамырын кести. Бул тууралуу маалыматты анын жактоочусу журналисттерге билдирди. Блогердин жактоочусунун айтымында, буга чейин Баткен облустук соту анын бөгөт чарасын ...

Ысык-Көлдө ДЦП менен жабыркаган 16 жаштагы кыздын зордукталып, боюна бүтүшү. Кылмышка 70 жаштагы кошунасы шектелүүдө

Ысык-Көлдө ДЦП менен жабыркаган 16 жаштагы кыздын зордукталып, боюна бүтүшү. Кылмышка 70 жаштагы кошунасы шектелүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 70 жаштагы киши жашы жете элек майып кызды зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоочу Камил Рузиев билдирди. Анын айтымында, кош бойлуулуктун бешинчи айында ДЦП ...

Страница 1 of 2 1 2

АРХИВ

Апрель 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.