Саат 18:00гө карата Тажикстан менен чек арада миномёттун чабуулунан жана атышуудан жабыркаган дагы үч адам медициналык жардам алуу үчүн Жалпы дарыгерлер практика борборуна кайрылышкан. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Учурда жалпы дарыгерлер практика борборунда 4 адам жатат. Алар:
- 1999-жылы туулган Э.М (чек арачы). Абалы орточо оор;
- 1992-жылы туулган О.З. Абалы орточо оор;
- 2002-жылы туулган Т.А (чек арачы). Абалы канааттандырарлык;
- 1972-жылы туулган Б.Т. Абалы канааттандырарлык.
Бардыгы болуп 6 жабырлануучу медициналык жардам сурап кайрылса, алардын экөөсү баштапкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Буга чейин 1 аскер кызматкери жана 1 тургун жаракат алганы маалымдалган.