Эрмек Бекболотов – “Сүйөмүн”
11:07 17.12.2020
Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”
12:33 15.12.2020
Эрмек Бекболотов - "Эмне үчүн"
21:00 14.12.2020
Учурда Бишкекте Орусияда көп жыл мигрант болуп, чет элдеги жашоону жон териси менен сезген Уулжан Даулетбекованын "Дневник мигранта" аттуу тасмасы көрсөтүлүүдө. Жашы жете элек куракта Орусияга иштегени барып, оор сыноону ...
Эртең, 7-декабрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерге туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6; Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+6; ...
6-декабрдан 8-декабрга чейин жаап жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-75-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "Алыскы ...
Ырчы Кудайберди Айтбосунов сырдашы, кеңешчиси, колдоочусу болгон эжеси Салтанат Айтбосунова менен SuperTV`да конокто болду. Эфир учурунда ырчы мырзанын эжеси эл билбеген көп сырларын ачыктады.
Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга жаран кайрылып, май айында анын ишенимине кирип, 60 миң долларын алып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. ...
Баткен облусунун Кадамжай районунда мектеп окуучусун өлтүрдү деп шектелгендердин өз жанын кыйышы боюнча Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары Кемел Садыков комментарий берди. Анын айтымында, Кадамжай районундагы мектеп окуучусун зордуктап, ...
"Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанылган Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ЖАКтын башчысынын орун басары Кемел Садыков билдирди. Ал абактагылар арасында зордук-зомбулук болуп жатканын, ...
Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айылынын 10 жаштагы тургуну Анас Гапаралиев 2 жыл 6 айда 30 пара Куранды толук жаттап бүтүргөн. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти. Ошондуктан ага кызыктыруу максатында Лейлек ...
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Монголиянын парламентинде көмүр экспортунун абалы боюнча коомдук угуу өткөрүүнүн жана өлкө жарандарына ачык маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Монголиянын Мамлекеттик Улуу хуралында көмүр маселеси боюнча коомдук угууларды ...
Самара Нарматова 30 жашта. Учурда ал Орусиянын борбору Москва шаарында “KG Недвижимость” деп аталган кыймылсыз мүлк агенттигин жетектейт. Өзгөндө чоңойгон кыз Мосвкага барып, дароо эле ишкер боло калган эмес. Ал ...
Астана-Жезказган маршруттагы поездде кыз төрөлдү. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. Буга чейин социалдык түйүндөрдө эненин жаңы төрөлгөн ымыркайы менен поездде тартылган видеосу пайда болгон. Анда Астана менен Жезказгандын ортосундагы поездде 2001-жылы ...
УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунун Каракол шаардык чумага каршы бөлүмүнүн башчысынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул ...
Казакстанда музыкант Викрам Рузахуновдун кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди. Рузахуновдун айтымында, коңшу өлкөнүн тергөөчүлөрү соттук-медициналык экспертиза дайындап, анын жыйынтыгы менен тергөө иштери кайра ...
Мындан 4 ай мурда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан мамлекеттин менчигине өткөн үйүнүн имаратында 24 саат бою балдарды реабилитациялоо борбору иштери айтылып, бузуу иштери жүрүп баштаган. Бүгүн, ...
Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, шектүү 1983-жылы туулган жаран мурда адам тоногону, карактаганы үчүн соттолуп чыккан. Ал бир нече жарандарга «чет өлкөдөн унаа ...
Бүгүн, 6-декабрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылды. Журналисттерге билдиргендей, Башкы прокуратура жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу арыз менен кайрылган. Жазаны ...
"Сиз мыйзам кийинки президенттерге иштейт, мыйзам Сооронбай Жээнбековго иштебейт деп жатасыз", - деп билдирди депутат Дастан Бекешев кесиптеши Жеңишбек Токторбаевдин экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу боюнча мыйзамын талкуулап жатып. Токторбаевдин айтымында, бул ...
Бишкек милициясы пара талап кылууга шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 11-ноябрда милицияга жаран кайрылып, андан жарым жылдан бери 2 жаран 6 миң доллар талап кылып жатышканын айткан. Аталган ...
8-9-10-декабрь күндөрү Бишкекте өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана коштоп жүрүүдө төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет: - Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын ...
Мындан 2 жума мурда Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматовдун жубайы Сабира Айтматова көз жарган. Ал кечээ, 5-декабрда уулуна Эмир деген ат койгонун жазды. "Айтматов Эмир Элдарович",- деп жазуу калтырды ал.
Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова дагы буга чейинки министр Алымкадыр Бейшеналиевдей болуп дем алыш күндөрү ооруканаларды катардагы жаран катары кыдырып жүргөнүн айтты. Бул тууралуу ал комитет жыйынында айтты. "Мен айтпай ...
3-декабрда Жайыл РИИБге жергиликтүү жашоочулардан Жайыл районунун Орто-Суу айылындагы арыкта эркек кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу ал адам Жайыл районунун Айдарбек ...
Мүмкүн болгондун баарын кыскартып жатабыз, ошондуктан Жогорку Кеңешке министрликтен кайрылуулар түшүп жатат. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев 5-декабрда парламенттин Бюджет комитетинин жыйынында билдирди. «Сиздер акыркы кварталда мамлекеттик кызматкерлердин үстөк ...
Падышалык тыйын сарайы "Гарри Поттер жана философиялык таш" китебинин биринчи басылышынын 25 жылдыгына карата Гарри Поттердин сүрөтү түшүрүлгөн тыйын чыгарды. Бул тууралуу Daily Mail жазды. Тыйындарда жаш Гарри Поттерден тышкары ...
“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги жоюлууда. Анын ликвидациясына 700 миллион сом коротулат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев жазып чыкты. "Холдинг жоюлат. Акча коротулган. Долбоорлор жазылган, албетте, ал боюнча эч ким ...
Бишкектин Свердлов райондук соту актёр Чыңгыз Мамаевге козголгон кылмыш ишинин материалдарын тергөөдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн жөнөттү. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы бүгүн, 6-декабрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиргендей, мындай ...
Бүгүн, 6-декабрь президент Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 54 жашка толду. Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы ...
Хорватиянын курама командасы Япония курамасын жеңип, Дүйнө чемпиондуктун чейрек финалына чыкты. Командалардын ортосундагы беттеш кечээ, 5-декабрда Аль Вакрах шаарындагы Al Janoub Stadium стадионунда өттү. Дарбазачы Доминик Ливакович беттештин башкы каарманына ...
Кыргызстанга Bloomberg агенттигинин журналисттери келип, Кыргызстан жана анын таланттуу жаштары тууралуу чыгарылыш даярдашат. Бул тууралуу D Billions каналынын PR-директору жазып чыкты. Маалыматка караганда, алар топтун тарыхын угуп, "феномен" деп аташкан. ...
Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
Куренкеев көчөсү, 180.
Реклама бөлүмү
+996 (312) 88-29-29
+996 (222)
88-29-29
reklama@supertv.kg
©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.