Ырчы Малика Дина Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн «Global Repuation Awards» эл аралык сыйлык тапшыруу аземинде «The celebrity singer of the Asia» номинациясын жеңип алды. Мындай маалыматты Маданият министрлигине Малика Дина өзү кабарлаган.
Бул сынак бизнес дүйнөсүндөгү глобалдык кызматташтык идеяларын бириктирген долбоор. Негизги максаты — бул тармакта жогорку натыйжалары менен айырмаланган адамдарды бири-бири менен жакындан тааныштыруу жана алардын иш-аракетин колдоо жана баалоо болуп саналат. Наамга ээ болуп, сыйлык алгандардын арасында ырчы Малика Динадан тышкары өзбекстандык ишкер айым Луиза Шарахметова, түркиялык жазуучу Эндер Сарач, түрк зергер буюмдарынын брендинин негиздөөчүсү Мүге Онаг, өзбек актрисасы Асоль Шодиева жана башкалар бар.
Иш-чара дүйнөнүн белгилүү бренддеринин негиздөөчүлөрү, ошондой эле бул чөйрөдө добуш берүүгө укугу бар белгилүү инсандардын катышуусунда өттү.
Ырчы Клара Алибекова уулу Байэлдин туулган күнүндө унаа белек кылды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында жазды. "Чынында апамдан мындай белекти...
Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлөпберген бирге видео тартышты. Мээрим Төлөпберген видеону өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, катталуучуларын мурдагы жолдошунун концертине...
Эмгек сиңирген артист, обончу, аткаруучу Айбек Карымов үйлөндү. Бул тууралуу ырчы өзүнүн концертинде элге билдирди. Ырчы жубайын элге тааныштырып, жүгүнттү....