Учурда Улуттук филармонияда солист болуп эмгектенип жаткан Каныкей өзгөчө үндүү маркум ырчы Орунбасар Кызалаковдун ырын жаңыртып ырдады.
«Идеяны мага маэстро Асылбек Насирдинтегин сунуштады. Буга чейин Орунбасар Кызалаков менен үнүңөр окшош деп көп айтышчу. Анын «Биздин өзөн» ырын аткарганда башкача сезимдер болду. Арбагы козголдубу, мага ушунчалык дем-күч бергендей сездим. Көзү өтүп кетсе дагы анын ырларын эскерүү иретинде ырдаган мен үчүн абдан маанилүү. Буюрса, 16-19-май күндөрү жандуу концерт берели деп Ош шаарына камынып жатабыз. Ал жактан келгенден кийин Кызалаковдун белгилүү болгон «Таласым таңшыйт» деген ырын аткарайын деп өзүмө сөз бердим. Маркумдун арбагын сыйлап, ырларын унуттурбай, жаңы өмүр бергим келет», — дейт ырчы айым.
Көмөкөй менен ырдаган өзгөчө үндүү ырчы Орунбасар Кызалаков 2020-жылы 4-январда 58 жаш курагында каза болгон.
Ырчы Клара Алибекова уулу Байэлдин туулган күнүндө унаа белек кылды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында жазды. "Чынында апамдан мындай белекти...
Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлөпберген бирге видео тартышты. Мээрим Төлөпберген видеону өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, катталуучуларын мурдагы жолдошунун концертине...
Эмгек сиңирген артист, обончу, аткаруучу Айбек Карымов үйлөндү. Бул тууралуу ырчы өзүнүн концертинде элге билдирди. Ырчы жубайын элге тааныштырып, жүгүнттү....