Франциянын Страсбург шаарында эки поезддин кагылышуусунан жараат алгандардын саны 50гө жетти. 15 жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Нижний Рейн департаментинин Өрт-куткаруу кызматынын башчысы РенеСилье билдирди.
Окуя болгон жерде 130 өрт өчүрүүчү жана жарандык коопсуздук кызматкерлери иштеди.
Алдын ала маалыматтар боюнча Страсбургдагы эки поезддин авариясы жолду алмаштыруудагы катадан улам келип чыккан. Унаанын айдоочулары жабыркаган жок. Окуя «Gare Centrale» аялдамасында болгон.
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө...
Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы...
Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагыш районунда 3 жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип, чарчап калган. Күбөлөр жок болгон үчүн кыз этиятсыздыктан түшүп...