Франциянын Страсбург шаарында эки поезддин кагылышуусунан жараат алгандардын саны 50гө жетти. 15 жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Нижний Рейн департаментинин Өрт-куткаруу кызматынын башчысы Рене Силье билдирди.
Окуя болгон жерде 130 өрт өчүрүүчү жана жарандык коопсуздук кызматкерлери иштеди.
Алдын ала маалыматтар боюнча Страсбургдагы эки поезддин авариясы жолду алмаштыруудагы катадан улам келип чыккан. Унаанын айдоочулары жабыркаган жок. Окуя «Gare Centrale» аялдамасында болгон.