Депутаттар Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 13-февралдагы жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мурдагы башчысы Нуржан Шайлдабекованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууну жактырды.
Шайлдабекова өзү парламенттин жыйынына катышкан жок. Депутаттар талкуусуз жана суроосуз эле макулдугун берип, аны кызматтан бошотушту. 10-февралда ал БШК башчысынын ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен токтоткону кабарланган. Шайлдабекова өз ордуна Шайназаровдун талапкерлигин сунуштаган. БШК мүчөлөрү ошол эле күнү Тынчтык Шайназаровду шайлашкан.
Шайлдабекова 2016 жана 2021-жылдары эки жолу БШКнын төрагалыгына шайланган.