Дүйшөмбү, 09.06.2025
Бишкек booked.net
+20...+36° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасынын келишими боюнча комментарий берди

09:46 06.03.2025
0
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасынын келишими боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасынын келишими боюнча комментарий берди.

🔻Депутат Султанбай Айжигитовдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча акыркы билдирүүсү боюнча: Бул киши үч күндө пикирин алмаштырып башкача сүйлөп чыкканы түшүнүксүз. Эмнеге минтти изилдеп көрүшүбүз керек. Бул киши баарын билет, түшүнөт, беш колундай билет. Бирок эмнегедир башка дагы көп маселелерде билмексен болуп эле провокация жасай бергенин байкап жүрөм.

🔻Ворух боюнча: Биз 19 миң 500 гектар жер берип койгондой айтты. Ворух өзү илгертен берки карталар боюнча 14 миң 500 гектар жерди ээлеп турат. Муну бул киши жакшы билет. Өзү баткендик. Анысы аз келгенсип губернатор болуп да иштеген. Андан сырткары ворухтуктар 5 миң гектарды түзгөн биздин жайлоону пайдаланып келишкен. Ал жайлоого биздин жергиликтүү эл Ворух аркылуу гана баргандыктан бүгүнкү күнү эч ким пайдаланбайт. Ал жайлоого барчу башка жол жок. Ошол жайлоону толугу менен бизге таштагыла, ордуна биз силерге башка жерден беш миң гектар жер берели, алмашалы дешкен. Биз жок, баарын эмес, бир миң гектар гана алмашалы деп миң гектар калтырып, ордуна Чоң-Алайдан миң гектар жер жайлоо алдык. Ошону менен Ворух 15 миң 500 гектар менен токтоду. Бүттү. Мындан ары түбөлүк чекит коюлду. 14 миң 500 гектар илгертен берки карталар боюнча алар ээлеп келген жер. Муну билип туруп бул депутат манипуляция кылып жатат.

🔻Достук айылы боюнча: Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турат имиш. Ворух каякта дагы Достук айылы каякта? Экөө эки башка жакта турат. Ворухка Ак-Сай айылы дарбаза болуп турат. Мунун баарын бул киши беш колундай билет. Эки тарап тең стратегиялык максатты көздөп алмашууларды кылган жокпуз. Кайсы жерде дайыма чыр-чатактар чыгып кетип жаткан жерлерди алмаштык. Анткени алмашылган жерлер же анклав, же шахматтын тактасындай аралашып жайгашып калган, же чек араларыбызга чапташып турган айылдар. Биз деле алардын айылдарын алдык. Алардын эли деле өз бийлигин сындап жатканын көрүп турабыз. Эки мамлекеттин ортосунда чек ара чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы болбош керек.

🔻“Настоящий договор бессрочно, денонсации не подлежит деп туура эмес кылышкан” дейт. Бул кишинин ою боюнча ар жыл сайын кайрадан жер талашып, согушуп, атышып турушубуз керекпи? Чек ара түбөлүккө чечилди. Бүттү, эки тараптын кызыкчылыгы теңме-тең болуп чекит коюлду. Чек ара боюнча дагы айта турган көп сөздөр бар. Азырынча айтууга болбойт. Баары бүтсүн анан айтабыз. Ошондо биздин ишибизге тарых баа берет. 5 деген баа берилерине бөркүмдөй ишенем.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Автор Эдита Ильясова
17:41 04.06.2025
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Автор Эдита Ильясова
10:11 04.06.2025
1

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Автор Эдита Ильясова
10:00 04.06.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, "Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?" деген...

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Автор Эдита Ильясова
09:53 04.06.2025
0

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Жапаров Атамбаевге чыгарылган соттун өкүмү боюнча: «Соттун чечимдерине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек»

Жапаров Атамбаевге чыгарылган соттун өкүмү боюнча: «Соттун чечимдерине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек»

Автор Эдита Ильясова
09:43 04.06.2025
0

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды

11:09 08.06.2025
Ош шаарындагы Лениндин эстелигинин ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат

Ош шаарындагы Лениндин эстелигинин ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат

10:23 08.06.2025
Депутат Улан Примов Алай районундагы жол тейлөө иштери менен таанышты

Депутат Улан Примов Алай районундагы жол тейлөө иштери менен таанышты

17:36 08.06.2025

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү