Дүйнө жүзүндө акыркы бир аптанын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышынын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 19-октябрдан 25-октябрга чейин дүйнөдө 2 миллион 884 миң 604 адам вирус жуктурса, 39 миң 712 адам коронавирустан каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу оору жуктурган учур — 16 пайызга, өлүмдүн көрсөткүчү — 8 пайызга жогорулаган.
Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим тууралуу учурда эмне белгилүү?
Кечээ, 28-апрелде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинде Түркияда кармалган мугалимдин үй-бүлөсү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө...