Кечээ, 28-апрелде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинде Түркияда кармалган мугалимдин үй-бүлөсү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө министрлик жана Түркиядагы мекемелери тарабынан анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча аткарып жаткан чаралар тууралуу маалымат берилген.
«Айрыкча, Түркиянын мыйзамдары тууралуу, тергөө жана процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча кеңири түшүндүрүү берилди. Мындан улам, Стамбулдагы Генералдык консулдук кызматкери менен видеоконференция уюштурулуп, процессти жөнгө салган конкреттүү процедуралар тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, Кыргыз жаранын коргоо үчүн мүмкүн болгон кадамдар такталды. Ошондой эле үй-бүлөсүнө адвокат менен түз байланыш түзүү жана анын өзү менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүсүн уюштуруу боюнча иштер улантылууда»,- деп айтылат маалыматта.