21-сентябрда Индиянын Нью-Дели шаарында 28 жаштагы кыргызстандык келин Мыскал Жумабаева жана анын бир жашар уулу Манастын жансыз денеси табылган. Келиндин 5 айлык боюнда бар экени да маалым болгон. SUPERTV`га маркумдун апасы менен бир тууганы кайрылып, эне-баланын өлүмүнө күнөөлүүлөр тийиштүү жаза алышын талап кылышарын айтышты.
Мыскал Жумабаеванын апасы Бактыгүл айым кызынын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү тууралуу буларга токтолду.
“Кызым менен социалдык тармак аркылуу күн сайын сүйлөшчүмүн. Ал кош бойлуу болчу. Каза болоруна эки күн калганда талгактан кыйналып жатканын жазган, анын эртеси байланышкан жок. Көрсө, ошол түнү өлтүрүлүптүр. Кызым өлгөнгө чейин курбуларына жолдошу менен уруша кеткенин жана ал кол көтөргөнүн айтып, сүрөт, видеолорду жиберген экен. Менимче, таарынычтар болсо керек, анткени ал өз үйүндө эмес, курбусунун үйүндө жашап жатыптыр. Дал ошол үйдөн өлтүрүлүп жатпайбы… Кызыгы ошол курбусу да кызыма көп акча карыз болчу, алтындарын да алган окшойт. Мындан улам курбусу менен чыр чыгып, аны ошолор эле өлтүрүп койдубу деп шек санап кетем. Күйөө балам жубайын өлтүрсө да, баласын анчалык мыкаачылык менен өлтүрбөсө керек эле. Кызымдын да, неберемдин да жүрөгүнө 4-5 жолу бычак сайылыптыр. Күйөө балам андай кыла албайт болчу”, — дейт жашыган эне.