ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK жана эл аралык төлөм системасы Mastercard менен биргеликте “Mastercard карталары аркылуу төлөмдөрдү кабыл ал жана баалуу сыйлыктарды утуп ал” акциясынын биринчи этабынын жыйынтыгын чыгарды.
Mastercard карталарын колдонуу менен MKassa аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алган ишкерлер өздөрүнүн жүгүртүүсүн гана көбөйтпөстөн, баалуу сыйлыктарды утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча байгелер ойнотулуп, Египетке жолдомо, iPhone 15, MacBook Air ноутбуктары, Dyson чаң соргучтары жана аба тазалагычтар ойнотулду. Ал эми башкы байге – 1 000 000 сом – 2025-жылдын 17-январына чейин созула турган акциянын бүткүл мөөнөтүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарылат.
“MKassa жана Mastercard карталарын колдонуу – бул жөн гана төлөмдөрдү кабыл алуунун ыңгайлуу жолу эмес, бул бизнести өнүктүрүү үчүн стратегиялык кадам болуп саналат, биздин кардарлар бул мүмкүнчүлүктөрдү жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн ийгиликтүү пайдаланып жатканын көрүп кубанабыз”, — деп белгилейт Кубаныч Шатемиров, Санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана MBANK эквайринг тармагынын директору.
«Кыргызстанда заманбап төлөм куралдарын колдонуп төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр көбөйүп жатканы бизди кубандырат. MBANKтын акциясы соодагерлерге жана Mastercard карталарынын ээлерине төлөмдөрдү кабыл алуунун жана контактсыз Mastercard карталары менен сатып алуулар үчүн төлөөнүн ыңгайлуулугуна, ылдамдыгына жана коопсуздугуна баа берүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк берет. Ар бир карта менен төлөм корголгон жана башка Mastercard транзакциялары сыяктуу эле артыкчылыктарды жана кепилдиктерди сунуштайт”, — деди Mastercard кардарларын тейлөө боюнча Борбор Азиядагы директору Антон Савельев.
Акцияга катышуу үчүн 2024-жылдын 15-октябрынан 2025-жылдын 17-январына чейинки мөөнөттө MKassa аркылуу Mastercard карталарынан төлөмдөрдү кабыл алуу жетиштүү. Акцияга MKassaнын мурунку жана жаңы кардарлары дагы кошула алышат. Төлөмдөрдүн көлөмү канчалык көп болсо, баш байге – 1 000 000 сомдун же башка баалуу байгелердин ээси болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болмокчу. Азыртан төлөмдөрдү кабыл ала баштаңыз жана жеңишке жакындаңыз!
MBANKтын дагы бир уникалдуу акциясын өткөрүп жибербеңиз: “MKassaнын жаңы кардарлары үчүн 0% комиссия”
2024-жылдын 5-ноябрынан 31-декабрына чейин MKassa онлайн кассасына кошулган жаңы кардарлар төмөнкүдөй артыкчылыктарды алышат:
- Биринчи үч айдын ичинде же 300 000 сомго чейин төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн комиссия 0%.
- Акысыз POS-терминал/QR чаптама/мобилдик колдонмо — сатып алуу, колдонуу же жеткирүү үчүн чыгымдарсыз.
- Кассалык режимде иштөө үчүн 0% — ашыкча чыгашасыз автоматтык түрдө фискалдаштыруу.
- Сиздин MBANK эсебиңизге акча каражаттарын акысыз чыгарып алуу.
MKassa — бул бизнес жүргүзүүнү жөнөкөйлөткөн онлайн-төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн ыңгайлуу жана ишенимдүү чечим. Сиз кошулуу өтүнүчүн банктын сайтына жөнөтө аласыз же 9933 акысыз номуруна чалып, кошумча маалымат ала аласыз.
MBANK ыңгайлуу каржылык куралдарды гана түзүп тим болбостон, ишкерлерди колдоону улантууда менен, бизнести өнүктүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү да камсыз кылууда. “Mastercard карталары менен төлөмдөрдү кабыл алыңыз жана баалуу сыйлыктарды утуп алыңыз” жана “MKassaнын жаңы кардарлары үчүн 0% комиссия” сыяктуу акциялар ишкерлердин ишинде өсүү жана жакшыртуу үчүн кошумча стимул берет. Акцияларга катышып, жүгүртүүңүздү кеңейтиңиз жана жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүңүздү арттырыңыз!
MBANK – Биринчи санарип!
КР УБ № 014 Лицензиясы