2024-жылдын 22-декабрында MBANKтын колдоосу менен өлкөнүн ишкерлери үчүн түзүлгөн MKassa жана Mastercard компаниясынын “Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал” аттуу масштабдуу акциясы аяктады. Акциянын катышуучулары баалуу сыйлыктарды, анын ичинде үч Toyota Camry 80 автоунаасын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Акциянын соңунда “Дордой” базарындагы кийим саткан дүкөндүн ээсине үчүнчү “Тойота Камри 80” үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.
“Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал” акциясы кичи жана орто бизнестин ар кайсы тармагынан миңдеген ишкерлерди бириктирди. Катышуучулардын арасында:
- Азык-түлүк жана турмуш-тиричилик товарлары сатылган дүкөндөрдүн ээлери;
- Ресторандар жана кафелер, анын ичинде үй-бүлөлүк мекемелер жана фастфуд тармактары;
- Спа жана сулуулук салондору;
- Унаа тетиктери жана жабдуулар дүкөндөрү;
- Чекене сооданын жана кызмат көрсөтүүнүн башка өкүлдөрү.
Катышуучулардын бул кеңири чөйрөсү тармакка же бизнестин көлөмүнө карабастан ар бир адам жеңишке жетише ала турганын көрсөтүп турат. QR код аркылуу ар бир ийгиликтүү төлөм башкы байгени карай кадам болуп жатты.
Акциянын үч этабынын жеңүүчүлөрү:
- Тажыгуль — «Оптовые цены » косметикалык дүкөндөр тармагы.
- Шахида — «Азия Суши» суши-барлар тармагы.
- Стамбек — Дордой базарындагы кийим сатуучу дүкөн.
«Мен жеңүүчү экенимди аягына соңуна чейин билген эмесмин. Машина мен үчүн — чыныгы шок болду! Мен акция тууралуу MBANK тиркемесинен билдим. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазымын, бул менин ишкерлигим үчүн чындап мыкты колдоо”, — деп сезимдери менен бөлүштү үчүнчү этаптын жеңүүчүсү.
“Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал” акциясы банктын Кыргызстан тургундарын колдоо багытындагы кадамдарынын бири гана болду. MBANK ишкерлерге учурдагы кыйынчылыктар менен күрөшүүгө гана эмес, өсүп-өнүгүүгө жардам берген заманбап куралдарды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну улантууда.
«Биздин миссиябыз жөнөкөй жана ыңгайлуу чечимдерди сунуштоо менен чакан жана орто бизнести колдоо деп эсептейбиз. Акциянын бардык катышуучуларына ишеним көрсөткөндүгү жана өнүгүүгө болгон каалоолору үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп белгиледи MBANK
Мүмкүнчүлүктөрдүн жаңы этабы
MBANK бизнестин дагы да натыйжалуу жана ийгиликтүү болуусуна мүмкүндүк түзгөн инновациялык чечимдерди сунуш кылууну улантат. Банк ар дайым биринчи орунга кардарларды жана алардын өнүгүүсүн коет.
MBANK — Кыргызстандын биринчи санариптик банкы. Биз менен бирге болуңуз жана заманбап технологиялар менен жаңы бийиктиктерге жетиңиз!
MBANK – Биринчи санарип!
КРУБ № 014 Лицензиясы