Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айбек Карымов көп жылдык тыныгуудан кийин чыгармачылыкка кайтты. Сахнадан алыс жүргөндө эмне менен алек болду? Кандай саясий оюндарга аралашып калды, баарын ачык кылып маек курду.
«Замана» деген ырымдан ырдап койсом, Сооронбай Жээнбековдун убагында анын сүрөттөрү менен видео жасашат. Ким ырдады, Карымов ырдады деп мага асылышат. «Тигини бир нерсе кылгыла, жаманатты кылгыла, же камагыла» дейт. Мен жеке ишкерлик менен алектенеримди баары билет. Бишкектеги 12 үйгө лифт койгом. Камагыла деген буйрук келгенден кийин менин иштеп жаткан лифттеримди жараксыз кылып чыгарышкан. Финполдогулар фирмадан коркутуп туруп, бир корутунду алып келишет. 12 лифтти жараксыз деген корутунду алып келди да, мени камашты. Финпол менин аты-жөнүм менен коррупцияга шектелип жатканым боюнча маалымат таратты. Мени каралап туруп, моокуму канды. Сотко бардым. Жашоочулар эч кандай нааразычылык жок экенин жазып беришти. Элге ыраазычылык билдиришим керек. Сот адилеттүү чечим чыгарды. Мен айтып коёюн жооп бере турган күн келет. Аз калды», — деди ырчы.











