Социалдык тармактарда Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланган.
Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү баа берүү максатында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги атайын комиссия түздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
“Иликтөө толук бүткөн соң, министрлик коомчулукту жыйынтыктары боюнча кабардар кылат”, — деп жазылат маалыматта.












