Актриса Айсанат Эдигеева көз жарды. Бул тууралуу түгөйлөрдүн санаалаштары социалдык тармактарда жазып, куттуктап жатышат.
Куттуктоолорго караганда, жаш жубайлар кечээ, 15-октябрда кыздуу болушкан.
Өткөн жылдын 25-октябрында борбордогу тойканалардын биринде актёр Өмүрбек Израилов менен актриса Айсанат Эдигееванын үлпөт тою болуп өткөн. Алар 3 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, баш кошушканын айтышкан.