Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышып чыкты.
Министрдин орун басары театрды модернизациялоого жана актёрлор менен көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган иштердин масштабын баалады. Реконструкциянын алкагында көрүү залдарын толугу менен жаңыртуу, техникалык жабдууларды модернизациялоо жана кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу каралган.
Театр 2025-жылдын экинчи кварталында көрүүчүлөргө өз эшигин кайрадан ачат.
Бакен Кыдыкеева атындагы театр 1929-жылы негизделген. Театрдын репертуарын дайыма жаш көрүүчүлөргө багытталган элдик жомоктор менен эпостордун негизиндеги пьесалар түзөт.