Блогер Аида Багышбекова видео жарыялады. Видеонун алдына “Бактылуу окуянын аягы… Эч кимди күнөөлөбөй, сөкпөй, каргабай, урушпай, жөн эле бакыт тилегилечи суранам, Кудай үчүн”, — деп жазган ал.
Блогер Инстаграм баракчасынын тарыхча бөлүмүнө кош бойлуу болгонун, бирок 4 жума болгон кезинде боюнан түшүп калганын айткан. Операция болгондон кийин жолдошу Нурдаулет Төлөпберген экөөнүн ортосунда чоң чыр башталганын айтып берген. Акыры мындан да жаман болорун сезген Аида Багышбекова ажырашуу чечимин кабыл алган.
Түгөйлөр «Косылайык» берүүсүндө таанышкан. 21-октябрда Нурдаулет Төлөпберген Аида Багышбекованы ала качып кеткен.