Бийчи Максат Токтоналиев менен жубайы Азада Шамшиева уулу Бакайдын тушоосун кесип, тушоо той өткөрүштү. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Той Бишкектеги ресторандардын биринде жакындарынын, сахналаш досторунун курчоосунда өттү.
«Баардыгыңыздарга чоң рахмат. Ар бир айтылган каалоо-тилектерди Аллах Таалам кабыл кылсын. Эң биринчиден, ата-энелерибизге ыраазычылык билдиребиз», — деген ал уулунун биринчи жакшылыгына чоң салым кылган адамдарга ыраазычылык билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram