Кечээ, 9-майда Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык концерт өттү.
Концерттин жүрүшүндө Орусиядан чакырылган белгилүү эстрада жылдыздары Дима Билан, Тима Акимов, Татьяна Куртукова, “Radio Tapok” тобу жана кыргызстандык белгилүү ырчы Амирчик сахнага чыгып, репертуарындагы популярдуу ырларын аткарды. Концерт дрон шоу менен жыйынтыкталып, шаар тургундары жана меймандар үчүн унутулгус майрамдык маанай тартуулады. Аталган концерт жеңишке жетишкен ата-бабалардын эрдигин эскерүү жана жаш муунга патриоттук тарбия берүү максатында уюштурулду.