Сынактын талаптары:
Сынактын мөөнөтү: 2025-жылдын 1-январынан баштап 10-февралына чейин.
Толук жазылган сунуштама (заявкасы):
Автор/авторлош жөнүндө толук маалымат (автобиография, фильмография, кинематографиядагы ийгиликтерин атап кетүү). Байланыш телефондору/электрондук дареги жазылат.
«Конституцияга каршы келген көз караштар, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, коопсуздугуна шек келтирүү, социалдык, расалык, улуттук, диний, мүлктүк, уруулук каршылыкты жана сексуалдык зордук-зомбулукту жактап, үгүттөө сыяктуу көрүнүштөрдү камтыган сценарийлер сынактан автоматтык түрдө четтетилет», — деп жазылат жарыяда.
Сценарийлер басылган жана электрондук түрдө төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Д.Асанова көчөсү 1, “Кыргыз фильм” улуттук киностудиясы 2-кабат, редакция.