Ош филармониясынын жетекчиси кызматынан кеткен Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин түштүк региону боюнча маданият тармагындагы коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Буга чейин маданият министри Алтынбек Максутов SuperTV телеканалына маек берип жатып Гүлшайыр Садыбакасованын жогорудагы кызматка келери тууралуу айткан эле.