Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын директору болуп дайындалып, эмгек жамаатка тааныштырылды.
Филармониянын мурдагы жетекчиси Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова эмгек жамааттын катышуусунда сый-урмат менен узатылды. Чыңгыз Эсенгул уулу өз каалоосу менен арызын жазып, жаштарга жол бошоткон жетекчи башкаларга үлгү болгондугун ырастады. Ал мындай кадамды “кызматка келгенди эле эмес, татыктуу кеткенди да ойлонуу керектигинин” далили катары белгилеп, сөзүнүн соңунда Гүлшайыр Садыбакасовага бекем ден соолук, бакубат жашоо каалап, анын тажрыйбасы жана акыл-насааты жаштарга ар убакта керектигине басым жасаган.











