Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айбек Карымов SUPERTV телеканалына берген маегинде жаңылыгы менен бөлүштү.
«Жаңы жылдан кийин Казакстанга кетем деп жатам. Түркстан облусунда Шамшы Калдаяков атындагы чоң филармония бар. Менин ошол жакта иштешим күтүлүүдө. Казак боордошторго обон жазып, иштешсемби деп жатам. Кыргыздын ырчыларына ушул жашыма чейин көп эле ыр жазып бердим. Мен негизи барып келейин деп жатам. Канча убакытка кетем айта албайм. Барабыз, көрөбүз», — деди ал.










