Кечээ, 31-августта Кападокияда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстан жана Түркия элдеринин ортосундагы достуктун жана маданий жалпылыктын символу катары «Кыргызстан» паркынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Ачылыш аземине элчи Кубанычбек Өмүралиев, Невшехир аймагынын губернатору Инжи Сезер Бежел, Невшехир шаарынын мэри Мехмет Савран, Кыргызстан-Түркия парламенттик достук группасынын башчысы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Сабри Өзтүрк жана Үчхисардын башчысы Осман Сүслү катышышты. Парктын ачылышынын урматына коноктор “Достук дарагын” отургузушту.
“Кыргызстан” паркында боз үйлөр тигилип, парктын аталышы жана анын ачылыш тарыхы менен стела тургузулду. Ошондой эле кыргыз жана түрк өнөрпоздорунун катышуусунда майрамдык концерт өттү.











