“Кентавр“, «Боз салкын”, “Салам, Нью-Йорк!” тасмаларынын директору Жыргалбек Дүйшеев 62 жашында дүйнө салды.
Дүйшеев Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында көптөгөн белгилүү тасмалардын өндүрүшүн жетектеген, кыргыз киносунун өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Ал Кыргызфильмде 1984-жылдан бери эмгектенген. Анын кинодогу алгачкы жолу 1986-жылы режиссер Разаковдун “Ногдаун” аттуу толук метраждуу көркөм тасмасында үн оператору катары баштаган.
Дүйшеев режиссер Актан Арым Кубаттын ”Беш кемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр” тасмаларында, режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Ууру сүйүү”, “Боз салкын”, режиссер Руслан Акундун “Апамды издеп”, “Салам, Нью-Йорк!” тасмаларынын директору болгон.
Дүйшеев чыгармачылык ишмердүүлүгүндө улуттук кино тармагынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “Кыргыз киносунун отличниги” төш белгиси менен, Кинематография департаментинин “Ардак грамотасы”, Кыргыз Республикасынын “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.