Abank july
SerepTV Logo

"Күн жылыса киного бармай болдук". Ырчы Айгерим Расул кызы балдар үйү менен карылар үйүнө барды

"Күн жылыса киного бармай болдук". Ырчы Айгерим Расул кызы балдар үйү менен карылар үйүнө барды

Ырчы Айгерим Расул кызы балдар үйү менен карылар үйүнө барды. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Кычыраган кыштын суук күнүндө жылуу үйдө эс алып жата албадым. Кара-Суу базарына барып, 5 саат кыдырып, муктаждарга кийим тандап, жылуу сапаттуу оюмдагыдай кийимдерди алдым. Биринчи эле командам менен балдар үйүнө баш бактык. 25 балага кышкы жылуу куртка, кечки тамактанууга паалоо, шириндик, суусундук берилди. Эң башкысы балдардын маанайы. Аябай кубанышты… Алган белектерин жактырышты. Балдар менен сүйлөштүк, сырдаштык, кийинкиде буюрса күн жылып калганда чогуу киного бармай болдук. Ар биринин мойнунан жыттап, бала жытына мас болуп коштошкум келбей кайттым. Сиздер дагы сөзсүз келиңиздер!" - деп жазды ал. 

Ырчы айым мындан тышкары, карылар үйүнө да барганын жазды. "Чоң аталарга дагы барып, жылуу белектеримди тараттым. Ушул жилеткалар азыр мода экен. Чоң аталар менин келишиме кубанганы көздөрүнөн билинип турду. Азыр эле сенин “Водовоз” деген киноңду көрүп жаттык эле дейт. Кечки тамактанууга паалоо берилди. Бизди баталарын берип узатышты. Мен дагы келем деп убада бердим", - деп жазды ал. 
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от AIGERIM RASUL KYZY (@aigerim_rasul_kyzy)

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от AIGERIM RASUL KYZY (@aigerim_rasul_kyzy)

«Күйөөм өзүнө кол салып, каза болду» деп милицияга кабар берген аялдын өзү шектүү катары кармалды

11:40 15.08.2026

Соцтармакта Таластагы мушташка президенттин өкүлү менен Курулуш министринин тиешеси бар экени айтылууда

08:37 24.08.2026

Садыр Жапаров: "Ак кемени" 15 жылга ижарага бердик, айына 60 миң доллардан төлөп турат"

10:57 24.08.2026

Касымалиев Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар объектилерди текшерди

15:24 15.08.2026

«Бишкет» деген жазуу түшүрүлгөн брендделген автобустар боюнча мэрия түшүндүрмө таратты

10:06 21.08.2026

Корумду чокусунда изделип жаткан үч альпинисттин сөөгү табылганы айтылууда

11:32 17.08.2026

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын VI ДКО спорттук формасы

16:02 24.08.2026

Төрага Маматалиев «Династия · Металл · Ат» аттуу китептин бет ачарына катышты

11:25 24.08.2026

ИИМ 30-31-августта коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт

11:00 24.08.2026