Бүгүн, 9-июль күнү “Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы “Манас” орденинин ээси, автордук кинонун негиздөөчүлөрүнүн бири, кинорежиссёр, сценарист Геннадий БазаровСадыровичтин эстелиги ачылды.
Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачып, Базаровдун жараткан эмгектери жана өмүр жолу келечек муундарга үлгү болуп, шыктандырып, дем берерин, бул эстелик анын ысымын жана улуу иштерин даңазалап, баалуулуктарын эстен чыгарбоого жардам берерин белгилеп өттү. Ошондой эле, Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы Таалай Кулмендеев, Роза Айтматова, эл артисттери Манас Мусаев жана Назира Мамбетова, туугандарынын атынан жубайы Райва Тойгонбаева сөз сүйлөп, эстеликти орнотуу үчүн салым кошкон ар бир атуулга, эстеликтин скульптору Тамила Маматовага, долбоордун автору Эмиль Тилековго ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын аягында катышуучулар эстеликке гүл коюп, куран окулду.
Маалымат үчүн: Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарындын Ат-Башы районунда төрөлгөн. Фрунзеде (азыркы Бишкек) орто мектепти аяктаган. 1965-жылы ВГИКтин режиссёрдук бөлүмүн бүтүргөн. Базаровдун ысымы кыргызстандыктарга гана белгилүү эмес – улуттук кинонун чебери тарткан тасмалар көптөгөн өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ. Ал автордук кыргыз киносун түптөөчүлөрдүн бири. 2022-жылы II даражадагы мамлекеттик “Манас” ордени менен сыйланган. Анын «Саманчынын жолу», «Буктурма» жана башка тасмалары өлкөнүн кино хроникасына түбөлүккө жазылган.
Геннадий Базаров былтыр, 2023-жылдын 6-февралында көз жумган, маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.
Төкмө акын, дастанчыларга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу "Манас" театрынан билдиришти. Кыргыз улуттук «Манас» театры төкмө акындары...
Кыргызстанда 22-23-июнь күндөрү Маданият министрлигинин колдоосу менен эл аралык Fusion Concept Qualifier Kyrgyzstan 2024 аталышындагы бий фестивалы өттү. Бул Париж...
Кечээ, 22-июнда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылыш аземи өттү. Эстеликти ачуу аземи Министрлер кабинетинин...
Ырчы Асел Кадырбекова социалдык тармактагы баракчасында жеке жашоосуна байланышкан суроолорго чекит койду. "Убакыт келди окшойт. Биз Нурлан экөөбүз 2021-жылдын январь...