Кечээ, 22-июнда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылыш аземи өттү. Эстеликти ачуу аземи Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун ишмерлери, кино ишмерлери, замандаштары, жакындары жана эстеликтин авторлорунун катышуусунда болду.
Иш-чараны Маданият министри Алтынбек Максутов ачып, Чокморовдун жараткан эмгектери жана өмүр жолу келечек муундарга үлгү болуп, шыктандырып, дем берерин, бул эстелик анын ысымын жана анын улуу иштерин даңазалап, бизге анын баалуулуктарын эстен чыгарбоого жардам берерин белгилеп өттү. “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов өз кезегинде, эстеликти орнотуу үчүн салым кошкон ар бир атуулга, эстеликтин скульптору Азамат Абдрахмановго, долбоордун жетекчиси Жанышбек Жамурзаевге, архитекторлор Нурсейит Мамбетказиев, Марат Эшимбаевге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, замандаштарынын атынан кинорежиссер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Замир Эралиев, туугандарынын атынан Нурсеит Султанов сөз сүйлөштү.
Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин “Ала-Тоо” кинотеатрынын чыгыш тарабындагы Чүй проспекти — Тыныстанов көчөсүнүн орнотуу Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңешинде каралып, андан ары долбоорлоо үчүн жактырылган. 2017-жылы СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулуп, бирок коомчулуктун сын-пикирлеринен улам 2019-жылы скульптура алынып, эстеликти алмаштыруу чечими кабыл алынган. Андан кийин “Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд” сынак жарыялап, анын жеңүүчүсү скульптор Азамат Абдрахманов аныкталган. Долбоордун жетекчиси — Жанышбек Жамурзаев. Архитекторлор — Нурсейит Мамбетказиев, Марат Эшимбаев.
Бишкек шаарынын тойканаларынын биринде актриса Айпери Чотонованын кыз узатуусу өттү. Тойдогу көз ирмемдер менен актрисанын кесиптештери социалдык тармактагы баракчаларына бөлүшүүдө....
Актёр Эмил Эсеналиевдин жубайы Айгерим Козукеева көз жарды. Кубанычтуу жаңылыгын актёр социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү. "Сүйүнчү! Кыздуу болдук",- деп жазды...
Буга чейин ырчы Нурайым Акылбекова соцтармактагы баракчасына ата-энеси менен тамактанууга бара жаткан видео менен бөлүшкөн. Анда калың тууралуу кеп болуп,...
«Style Mix» триосунун мурдагы ырчысы Талас Амантуров ырчы Миланга үйлөндү. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда,...