Ырчы Бегимай Турусбекова Гүлнур Сатылгановага байланыштуу сөздөргө Instagram баракчасындагы тарыхчасында жооп берди.
«Гулнур Сатылганова Бегимай Турусбекованы коркутуп койгон го деп ойлобоңуздар. Мени эч ким коркута албайт. Мен Аллахтан корком, сиздер да коркуңуздар», — деп жазды ырчы.
Анын айтымында, учурунда Сатылганова аны абдан колдогон. Ушул күнгө чейин бут тоспогонун айткан Бегимай «Эмнеге Гулнур эжени мынчалык жаман көрүп жатканыңыздарды түшүнбөй жатам. «Сатылганова Турусбековага учурунда бут тосуптур» деген сөздү ким чыгарганын билбейм. Аны тапсам, жолугуп, чындыкты айтып бермекмин. Так маалыматты билбей эженин дарегине жаман комментарий жазган болбойт» деди.
Кеп төркүнү эмнеде экенин түшүндүргөн ырчы: «2011-жылы Ысык-Көлдө «Кадыр түн» деген сынакта мен шолоктоп ыйлап жатканда жалгыз гана Гулнур эже келип, колумдан бекем кармап «Бегимай сенин учуруң келе элек. Кудай буйруп, учуруң келгенде сен абдан чоң жылдыз болосуң» деп айткан. Мына ошол Гулнур эжемдин айткан учуру келди! Чындыкты билбей күнөөсүз адамды каралабаңыздар, суранам», — деди Орусиядагы «Царица» шоу-берүүсүнүн финалчысы Бегимай Турусбекова.