Шаршемби, 25.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС

«Өлүшүн күтүп жүрөсүңөрбү?» Кинорежиссёр Айбек Дайырбеков сыйлык боюнча өз нааразычылыгын билдирди

09:43 05.09.2022
0
«Өлүшүн күтүп жүрөсүңөрбү?» Кинорежиссёр Айбек Дайырбеков сыйлык боюнча өз нааразычылыгын билдирди
Кинорежиссёр Айбек Дайырбеков сыйлык алгандарды куттуктап, бирок кемчиликтер кеткенин жазды.

«Сыйлыктар тапшырылган сайын 80 пайызы эмгеги үчүн алып, 20 пайыздайы тааныш-туунуш менен алчы эле. Бул жолу тескерисинче болуп калгандай. Ак жүргѳн байкелер, тараза ооп бараткансыйт. Алдырбагыла. Таза жүргѳндѳр чалып сурай башташты, «искусствого, профессионализмге кайдыгер мамиледен тажадык, акчасын деле берет элек, кимге бериш керек экен» дей башташты. Андай нерсеге аралашып кѳрбѳгѳн мен дагы эмне деп жооп беришти билбейт экенмин.

Былтыр кыргыз киносунун 80 жылдыгында 3 эле кинематографистке сыйлык берип коюшкан. Маданият министри Азамат Жаманкулов сѳз берди эле, «туура эмес болуп калды, кийинкисинде болгон күчүмдү жумшайын, кинематографисттер кѳп ийгиликтерге жетишип жатасыңар» деп. Же кинону түшүнбѳйбү, же анын сѳзүн угушпайбы? Болбосо комиссияга какшап, тастыктап бере турган биринчи киши министр эмеспи? Кыргыз киносун ѳнүктүрѳ турган стратегиялык маанилүү бир канча долбоорду Маданият министрлиги дагы, департамент дагы колдобой койгонун ѳзүнчѳ жазайын.

Баса, кинематографисттердин акыркы бир жылдагы эле ийгилигин айтып ѳтсѳм:

2021-жылдын 1-сентябрынан бери кыргыз кинолору эл аралык аренада 164 фестивалга катышып, 95 сыйлык алыптыр. 95! Булар мен билгендери гана. Алдыда тѳрт кино абройлуу, дүйнѳ жүзүндѳгу эң чоң фестивалдарга катышканы турат. Маданияттын башка кайсы тармагында ушундай ийгиликтер бар? Айтып койгулачы, бир мактангылачы! Мүмкүн билбей жүрѳбүз. Баардыгын чогултсаңар дагы мынча сыйлык бир жылда чыкпаса керек. Бул профессионалдык кинематограф жѳнүндѳ. Ал эми элдик кино дей турган болсок, Кыргызстанга Хабиб сыяктууларды жума сайын алып келсеңер дагы алардын кѳрүүчүлѳрү кинонун кѳрүүчүлѳрүнѳ жетпейт. Миллиондогон адамдар үчүн эң жеткиликтүү – бул кино. Расмий статистика дагы бар. Ишенбесеңер карап койгула, Кыргызстанда жылына канча миллион адам кинотеатрлардан кино кѳрүп жатканын.

Кыргызстандын бренди – киносу. Же материалдык жактан колдой албайсыңар, же моралдык жактан колдой албайсыңар, же кинематографисттер дагы жакшылыгыңарга барып ырдап берип, тоюңарда тамада болуп жүрсүнбү? Кино тармагы – маданияттын эң чоң тармагы. Миңдеген адам кызмат ѳтѳйт, канча кино театрлар, студиялар бар. Канча үй-бүлѳ жанын багып келе жатат. Кыргызстан жѳнүндѳ канчалаган ѳлкѳ кино аркылуу тааныйт. Анан сыйлыкка келгенде башка бир мекеме алган сыйлыктардын теңинен аз алып калышат.

Геннадий Базаров, Манас Мусаев, Темир Бирназаров, Эрнест Абдыжапаров, Садык Шер-Нияз, Эмиль Борончиев сыяктуу дагы кѳптѳгѳн ага-эжелерибиз татыктуу эмепи? Канча режиссер, оператор, сценаристтер, сүрѳтчүлѳр, монтажерлор, үн режиссерлору, аниматорлор, кийим боюнча сүрѳтчүлѳр, гримерлор, продюсерлер, экинчи состав жүрѳт. Анан итке сѳѳк ыргыткансып 2-3 сыйлык таштап коесуңар. Же алардын дагы ѳлүшүн күтүп жүрѳсүңѳрбү? Кѳзү ѳткѳндѳн кийин берели деп? Эрнест Абдыжапаров берсеңер дагы албайт. Ѳзүнѳн сурабай туруп алып барып бериш керек. Алып койчу деп сураныш керек. Кайдыгерлик мамиледен эбак тажап, принциптерин ѳзгѳрткѳн.

Сыйлыктарды тааныш-билиш менен берүүнүн кесепетин сезбей турасыздар. Бүгүн чуркап жүрүп сыйлык алгандар эртен ѳздѳрү сыйлыкты кимге берүүнү чече башташат. Кезеги келгенде алар дагы байке-жакесине берет. Ошентип жүрүп ансыз дагы далай нерсени талкаладыңар. Андан кѳрѳ жоюп эле салбайсыңарбы? Баса, жогору жактагылар, тезирээк мушкерлердин баарына бирден үй алып бергилечи. Мүмкүн ошондон кийин маданият ѳкүлдѳрүнѳ кезек жетет. Жок дегенде искусство деп ѳмүрүн арнагандардын сѳѳгү ѳз үйүнѳн чыгып калсын», — деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көтөрүлөт

Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көтөрүлөт

Автор Айзада Тураркулова
10:24 22.01.2026
0

Маданият кызматкерлеринин айлыгы апрель айынан тарта 2 эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары...

Орусиялык актриса Вера Алентова 83 жашында каза болду

Орусиялык актриса Вера Алентова 83 жашында каза болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
19:01 25.12.2025
0

Бүгүн, 25-декабрда Вера Алентова көз жумду, Эл артисти 83 жашта болгон. Бул тууралуу ал 60 жыл кызмат кылган Пушкин атындагы театрдан билдиришти....

«Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисембин ооруканага түштү

«Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисембин ооруканага түштү

Автор Эдита Ильясова
10:39 22.12.2025
0

“Рэкетир” тасмасынан белгилүү болгон казакстандык актёр Мурат Бисембин ооруканага түштү. Бул тууралуу анын кызы соцтармактагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, ал...

Рыспай Исаков: «Манас дүйнөсүнө сөз тийгизгенибиз үчүн кечирим сурайм»

Рыспай Исаков: «Манас дүйнөсүнө сөз тийгизгенибиз үчүн кечирим сурайм»

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
09:47 12.12.2025
0

9-декабрь күнү манасчы Асаналы Калил уулунун жубайы социалдык баракчасы аркылуу күйөөсү манасчылар тарабынан сабалганын айтып, видеону жарыялаган. Асаналы Калил уулун...

Министрлик Манас театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түздү

Министрлик Манас театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түздү

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
09:28 11.12.2025
0

Социалдык тармактарда Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү