Президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевге көрүнүктүү казак акыны, драматург, коомдук ишмер, Казакстандын Эл жазуучусу Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
“Ардактуу Касым-Жоомарт Кемел уулу!
Кадырлуу казак агайындар!
Казактын улуу уулу, Кыргыз эл акыны, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Казакстандын Кыргызстандагы тунгуч элчиси, Чыңгыз Айтматовдун жана мүлдө кыргыз элинин досу Мухтар Шаханов дүйнө салды деген суук кабарды өтө кайгыруу менен кабыл алдым».






