Чуңкурчакка барууга талап кылган убакыт 1 сааттан 30 мүнөткө кыскарды
Мамлекеттик бюджеттин каражатына Арашан-Чуңкурчак багытындагы 21 чакырымга жакын жаңы заманбап асфальт жол курулду. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Натыйжада, мурда бир саатка жакын убакыт талап кылган жолду азыр 20-30 мүнөттө басып өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Курулуш иштеринин алкагында эки көпүрө жана 48 суу өткөрүүчү түтүк курулуп, 14 чакырымдан ашык темир тосмо орнотулду. Жолдун курулушунун алкагында 2 көпүрө, 48 суу өткөрүүчү түтүк курулуп, 14 чакырымдан ашык темир тосмолор орнотулду.