Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров кызы Айсулуунун жентек тоюн өткөрүштү.
«Айсулуу кызыбызга ак бата алып, жентек той бердик. Сыйлап келген асыл конокторубуз бар болуңуздар»,- деп жазды ырчы айым.
Каримова октябрь айында көз жарган. Ал соцтармактагы баракчасына кызынын ысымын Айсулуу Тыныбекованын атынан койгонун жазган.
«Кызыбыздын атын кыргыз элинин сыймыгы, дүйнөнү дүңгүрөткөн, легендарлуу Айсулуу Тыныбекованын урматына Айсулуу деп атадык. Кызыбыз да Айсулуу эжесиндей дүйнөгө атагы чыккан, жүрөгү кыргыз деп соккон чыгаан айымдардан болсун. Эл сыймыгы болсун», — деп жазган ал.
Ага жооп кылып Айсулуу Тыныбекова «Бешик боо бек болсун! Айсулуу ден соолугу бекем, ыймандуу, бактылуу, кыргыз эли сыймыктанган кызы болсун!» деп жооп берген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram