11-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Борончу Кудайбергенов тун уулу Уланды үйлөнтүп, элден бата алды. Тойго куудулдун кесиптештери, кыргыз эстрада жылдыздары келип, шаңга бөлөштү.
Куудул Тынар Курбаналиев эмне үчүн Борончу Кудайбергенов менен сахнага чыкпай калганын айтты. «Бокем ажыга барып келди. Орто жолдо түшүнбөстүктөр болду. Бири-бирибизге таарыныч болду. Кудай буюрса, Жаңы жылдан кийин жаңы форматтагы тамашалар менен эл алдына чыгабыз»,- деди ал.










