Мындан 3 ай мурда Гүлжигит Сатыбеков менен Гүлсүн Бостонкулованын «Вауу» аттуу ырынын клиби жарык көргөн. Учурда ырдын айрым саптары ТикТокту «жарып жатат». Мындан улам СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырдын аткаруучусу Гүлсүн Бостонкулова менен байланышып, ыр тууралуу маалымат алдык.
«Мен 3 жыл мурда Гүлжигит Сатыбековго дуэт ырдайлы деп сунуш кылгам. Ал макул болуп, ушул ырды жазып, обон чыгарган. Ыр тамаша иретинде болчу. Бирок экөөбүз тең кайырмасын оңдойлу деп жүргөнбүз. Аны оңдоого такыр убакыт болбой, ушул бойдон чыгардык. Хайп болот деп ойлогон деле эмеспиз. Ырдын сөзү, обону Гүлжигит Сатыбековго таандык», — деди ырчы айым.