Ырчы Элера Кабилжан кызы «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Аябай сүйүнүп, толкунданып турам! Кудай кут кылсын! Маданият жана искусство университетинде окуп жүргөнүмдө эле мамлекеттик кызматта иштейм деп ниет кылгам. Ал эми бул сыйлыкты ата-энеме арнайм! Апаке оорубаңыз, эртерээк сакайып көп жакшы күндөрдү көрүңүз!», — деп жазган ырчы айым.
Ага төш белгини Маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгулов тапшырган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram