Ырчы, Маданияттын мыкты кызматкери Кыздаркан Келдибекова көз жумду. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине сахналаш жакыны Самара Сабирова ырастады.
Маалыматка караганда, ырчы айымга 1 жыл мурда жүрөгүнө операция жасалган, ошондон улам абалы начарлап кеткен. «Инсульт болду окшойт. 3 күн комада жатты. Жаркылдагыбыздан айрылып калдык», — деди ал ыйлап.
Кыздаркан Келдибекова 1986-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айылында төрөлгөн. Ал элге «Ак тилек» «Телефон чалып тур», «Ойлодуң бекен?», «Сүйүү жазы» жана башка ырлары менен таанылган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Кыздаркан Келдибекованын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.