Түгөлбай Казаковго Токтогул атындагы сыйлык ыйгарылды
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, мурдагы маданият министри, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, композитор, обончу Түгөлбай Казаков Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына ээ болду.
Казаков аталган сыйлыкка көзү өтүп кеткен залкарларга арналган “Боз жорго” музыкалык чыгармасы менен Музыкалык искусство жаатында көрсөтүлгөн.
Ошондой эле аталган сыйлык Адабият жаатындагы мамлекеттик сый акы Ишен Айтмамбетовго, жазуучу – “Бет-Алман” тарыхый романы үчүн, кино искусство, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы мамлекеттик сый акы Тилек Абдыкадырга, Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын документалдык жана илимий-популярдуу фильмдердин сценаристи жана кинорежиссеру – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн да ыйгарылды.