Abank_nov
SerepTV Logo

“40тагы майыптыгы бар балдарымды мончого алып барып жуунтам” дейт аксакал

“40тагы майыптыгы бар балдарымды мончого алып барып жуунтам” дейт аксакал
Уларбек Тентиев 43 жашта, анын иниси Бакыт Тентиев 38де. Бир туугандардын экөөнүн тең тубаса акыл-эс жагынан майыптыгы бар. Мындан улам, билим алышкан эмес, үй-бүлө да курушкан эмес. Дайыма бир адамдын көзөмөлүндө болушу керек. Ошондуктан, аларды 70ке таяп калган ата-энеси багат. Кирин жууп, тамагын жасап, алтургай мончого алып барып жуунтуу да – ата-энесинин моюнунда. Үй-бүлө Кемин районундагы Шабдан айылында жашайт. Бул ирет дал ушул үй-бүлөнүн баянын чагылдырабыз.
Unknown Author