Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Бүгүн, 3-декабрда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

«Сомониен (Тажикстан) айылы аркылуу Дахма айылына Кыргыз жараны өтүп бара жаткан учурда Тажик жарандары ага карай орой сөздөрдү айткан. Жыйынтыгында жарандар уруша кетип, ал таш ыргытууга айланып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Чыр-чатак курчуп кетпеши жана топтолгон элдин тарашы үчүн Кыргыз жараны аңчылык куралынан асманга үч жолу эскертүү иретинде ок чыгарган. Окуянын себептерин тактоо үчүн учурда Баткен жана Исфара тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуу өтүп жатат.