Президенттин командасы журналисттерди 2:0 эсебинде жеңип алды

Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаров баштаган футбол боюнча «Мурас» салттуу беттеши өтүп жатат.

Беттешти президенттин командасы менен спорттук федерациялар баштаган. Ал эми экинчи айлампада президенттин командасы журналисттер менен беттешти. Оюндун 1-таймдын 2-мүнөтүндө эсеп сандары ачылды. Топту дарбазага Садыр Жапаров киргизди. Ал эми 9-мүнөттө Алмаз Бакетаев экинчи голду жаратты. Биринчи тайм 2:0 эсеби менен жыйынтыкталды. 2-таймда президенттин командасы да, журналисттер да эсеп санды өзгөртө алышкан жок. Оюн президенттин командасынын жеңиши менен аяктады.